БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Рязань облусунун бизнес-миссиясынын өкүлдөрү Кыргызстан тарапка кызматташуунун кандай түрлөрүн сунуштагандыгын губернатор Николай Любимов айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "Ири шоурум туурасында: РФтин 58 ишканасы Кыргызстан менен иштөөгө даяр" деп аталган брифингде сүйлөдү.
Любимовдун айтымына караганда, рязандык бизнес-миссия Бишкекке алаканы бекемдеп, жаңы байланыштарды түзүү үчүн келген: облустун өкүлдөрү ар кыл аянтчаларда иштиктүү жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү. Алардын ичинде Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) бар.
"РКӨФ кластерлерди түзүү боюнча долбоорлорду колдоо менен алектенет, өнөр жай кубаттуулуктарын модернизациялоону финансылайт, алардын ичинен айыл чарба азыктарын кайра иштеп чыгуучу ишканалар өзгөчө орунда турат. Андай долбоорлорго өзүбүздүн аймакта чыгарылган адистештирилген жабдууларды, маселен, сүт заводдору, жашылча-мөмөлөр комбинаты үчүн конвейердик линиялык жана башка дагы айыл чарба азыктарын иштетүүчү техникаларды сунуштадык", — деди Любимов.
Рязандык ишкерлер РКӨФтүн объектилерди куруу, жабдууларды алып келүү боюнча тендерлерине катышууга даярдыгын айтты. Губернатор муну менен катар эле курулуш материалдарын өндүрүү региондогу эң кубаттуу делген тармактардын бири экендигин, тагыраагы, чатырлай турган материалдар, айнек жана бекитүүчү тетиктер туурасында кеп болуп жаткандыгын кошумчалады.
Любимовдун айтканына караганда, аймак айыл чарбасын кайра иштетүүчү тармакты өнүктүрүп жатат.
"Биз учурда түшүмдү жана Рязань аграрчыларынын продукцияларын кайра иштетүүгө багытталган ири инвестициялык долбоорду ишке ашырып жатабыз. Инвестициялык бош аянттар бар. Кыргызстандын айыл чарба кластерлери үчүн биздин буудайды жана эфир майлары бар өсүмдүктөрдү экспорттоого даяр", — деди ал.
Любимов кыргызстандык өнөктөштөргө окшош багыттар, тармактар боюнча "кластерлер менен достошууну" сунуштады. Анын айтымында, аймакта кластердик сегиз бирикме бар, ага 127 ишкана, үч окуу жай кирген.
Рязандын жетекчиси облус менен Кыргызстандын өнөктөштүк масштабын көп тармактуу бизнес-миссиялар менен кеңейтүүгө болорун белгиледи.
"Бул — Бишкекке кошо ала келген сунуштардын бири. Шаардын стратегиялык өнүгүшүнө жооп берген бир катар тармактык сунуштар мэр менен болгон жолугушууда белгиленди. Кыргызстанга келгенибизге бир гана сутка болду. Шоурумдун ачылышынан кийин биз үлгү катары бериле турган биринчи келишимдер тууралуу билдик", — деди Любимов.
Буга чейин Любимов Кыргызстан менен Рязань эмне товарларды соодалай тургандыгын айтып берген.
Эске салсак, Бишкекте Рязань облусунун көп тармактуу ишканаларынын B2B форматындагы иш-чарасы өтүп жатат. Ал Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода балансын жана экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган. Көргөзмө залдарынан ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу толук маалымат алса болот.