БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстандык инвесторлорго Рязань облусунда (Россия) өндүрүш баштоого жакшы мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу облустун губернатору Николай Любимов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "РФтин 58 ири ишканасы Кыргызстан менен иштөөгө даяр" аттуу брифингине катышкан.
Анын айтымында, аймак бизнес үчүн абдан ыңгайлуу жерде жайгашкан.
"Биз Москвага жана башка бардык транспорт коридорлоруна жакынбыз. 500 чакырым радиуста 45 миллионго жакын керектөөчү бар. Кыргызстандын жогорку сапаттагы продукциялары ошол жерде өндүрүлгөн болсо, кеңири суроо-талапка ээ болушу мүмкүн. Ишкерлер логистикалык чыгымдарга кетчү каражатты үнөмдөй алышат", — деди губернатор.
Любимов билдиргенине караганда, бул маселе Рязань бизнес миссиясынын кыргыз тарап менен буга чейинки жолугушууларында да талкууланган.
"Албетте, башка өлкөгө өндүрүштү алып баруу сырттан туруп чечип койчу маселе эмес. Кыргызстандык ишкерлерди Рязанга барып сүйлөшүүлөргө чакырабыз. Россияда салык жеңилдиктери, преференциялар, ар бир инвестициялык долбоорду "бир терезе" форматында колдоо сыяктуу артыкчылыктар бар", — деди ал.
Губернатор ошондой эле кыргызстандык ишкерлерди импортту алмаштыруу жана кооперация борборлору боюнча ассоциацияга кошулууга чакырды. Буга чейин ага Россиянын ондон ашык облусунун ишкерлери мүчө болгон.
"Анын маңызы — чийки зат жана комплектөөчү буюмдар боюнча иш алып барып, ишканалардын ортосунда байланыш түзөт. Бул системага канчалык көп ишкана кошулса, ошончолук тез жана ийгиликтүү болот. Андыктан кыргызстандык ишкерлерди чакырабыз", — деди жетекчи.
Буга чейин губернатор Рязань облусу Кыргызстан менен кандай соода жүргүзөрүн айтып берген.
Эске салсак, Бишкекте Рязань облусунун көп тармактуу ишканаларынын B2B форматындагы иш-чарасы өтүп жатат. Ал Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода балансын жана экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган. Көргөзмө залдарынан ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу толук маалымат алса болот.