Пресс-борбор

Кыргызстан менен Рязандын ортосундагы соода. Эмне сатылат

Бишкекте Рязань облусунун көп тармактуу ишканаларынын жарманкеси өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. 2021-жылы Рязань (Россия) облусу менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлантуунун көлөмү 6 миллион долларга жетти. Бул тууралуу облустун губернатору Николай Любимов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "РФтин 58 ири ишканасы Кыргызстан менен иштөөгө даяр" аттуу брифингине катышкан.
Любимовдун айтымында, мындай көрсөткүч 2020-жылга салыштырмалуу 25 пайызга көп.
Рязань облустун губернатору Николай Любимов
"Бул жерде позитивдүү тенденция байкалып турат, бирок дагы деле аракет кылышыбыз керек. Рязандан негизинен мунай продуктулары, лак, эмерек, парфюмерия, косметика, пластикалык буюмдар жиберилет. Ал эми Кыргызстан күн энергетикасын алууга байланыштуу жабдууларды жөнөтөт", — деди губернатор.
Ошондой эле Любимов татаал макроэкономикалык шарттарда, логистика жана өндүрүш чынжырлары үзүлүп калган учурда биргеликте күчтүү соода байланыштарын түзүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканын белгиледи.
Эске салсак, Бишкекте Рязань облусунун көп тармактуу ишканаларынын B2B форматындагы иш-чарасы өтүп жатат. Ал Россия менен Кыргызстандын ортосундагы соода балансын жана экономикалык өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган. Көргөзмө залдарынан ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу толук маалымат алса болот.
Радио
Маматов: Баткенде ишкерликтин алты түрүнө жеңилдик берилди