Өлкө ооруканаларында COVID-19дан дарыланган бейтап калган жок

Соңку суткада республика боюнча жети киши стационарлардан сакайып чыкты. Алардын алтоо Бишкекте, бирөө Чүй облусунда дарыланып жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстан боюнча ооруканаларда коронавирустан дарыланган оорулуу калган жок. Болгону үйдөн дарыланып жаткан 14 киши бар экенин Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Соңку суткада республика боюнча жети киши стационарлардан сакайып чыкты. Алардын алтоо Бишкекте, бирөө Чүй облусунда дарыланып жаткан.
Акыркы суткада ооруну жаңы жугузуп алгандар да катталган жок. Жалпысынан айтканда, пандемия башталгандан бери бул вирусту 200 990 киши жуктуруп алып, анын ичинен 196 393у сакайып кеткен. Ал эми каза болгондордун саны 2 991ди түздү.
Эске салсак, алгач коронавирус жугузуп алгандар Кыргызстанда 2020-жылдын 18-мартында катталган. Ошондон бери ооруканаларда бул вирустан дарыланып жаткан эч ким калбай калган учур болгон эмес.
Чүйдүн үч районунда COVID-19ду аныктоочу лабораториялар ачылды. Сүрөт