Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Батыштын Киевге берген куралы террорчулардын колуна тийип калышы мүмкүн

Министр курал-жаракты берген тараптарга кооптуулук кайрылып барышы мүмкүндүгүн эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Киевге Батыш берген куралдар, анын ичинде Javelin террорчулардын колуна тийип, Батыш өлкөлөрүнө кайтып барышы мүмкүн. Бул туурасында РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды.
"Javelin — бул дагы алып жүрүүгө ыңгайлашкан танкалар үчүн ойлонулган нерсе. Аны менен террордук чабуулдарды жасоого болот. Эми алар кайсы жакка түшүп жатат? Мурдагы тажрыйба көрсөткөндөй, начар көзөмөл болгон өлкөдөн, өзгөчө Украинадан башкы командачылыкка баш ийбеген, өзгөчө неонацисттик батальон жана башка бөлүктөр эрдемсип, мактанып, аталган мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн катарына кирип алат да, анан куралды пайдалана баштайт. Булардын ичинде өздөрү жөнөткөн өлкөлөр да болуп калышы мүмкүн", — деген Лавров.
Буга чейин дагы ЕБге кирген өлкөлөрдүн коомчулугу өз мамлекет жетекчилерине Украинага курал берүүнү токтотуу чакырыгы менен кайрылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия АКШдан Украинага курал жеткирүүнү токтотууну талап кылып нота жөнөттү