БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кан басымдын кескин төмөндөп кетишинин кандай кооптуу жактары бар жана негизи эле тонометрдин көрсөткүчү кайсы санды көрсөткөндө Тез жардам чакыртуу керек. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору, кардиолог Заур Шугушев Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.
Адистин пикиринде, нормалдуу кан басымдын төмөнкү чеги 90/60, ал эми жогоркусу 140/90 болушу керек.
"Кан басымдын көтөрүлгөнү сыяктуу эле төмөндөп кеткени дагы өтө кооптуу. Мисалы, тонометр 85/60ты көрсөтүп калганда адамга медиктер гана жардам бере алат. Ошол учурда эч кандай аракет болбосо киши өлүп калышы мүмкүн. Анткени ички органдарга кан жетиштүү барбай калат. Тирүү калган күндө да гипотониянын фонунда тез өнүгүп кетчү оорулар бар", — деди кардиолог.
Ошондой эле дарыгер кан басымы төмөндөп кеткен учурда адам алсырап, башы айланып, координациясы бузуларын кошумчалады.