"Кабар" маалымат агенттигине Медербек Шерметалиев жетекчи болуп дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Медербек Шерметалиев Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттигинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, буга чейин маалымат агенттигин Кубанычбек Таабалдиев жетектеп келген. Ал бүгүн иштен бошотулганы маалым болду.
Таалатбек Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болду