Жаңы регламент: депутаттарга бармак изи менен гана добуш берүү сунушталды

Учурда тармактык комитетте парламенттин жаңы регламенти каралып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттарына мыйзам, токтомдорду кабыл алууда бармак изин колдонуу менен гана добуш берүү сунушталды. Бул норма парламенттин жаңы регламентинин долбоорунда камтылган.
Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери комитети документти карап жатат. Жыйында депутат Марлен Маматалиев баяндама жасады.
"Бири-биринин ордуна добуш берип жатат деген сөздөн арылуу үчүн бармак изи менен добуш берүү системасын киргизүүнү сунуштайбыз. Бул тез арада эле ишке ашып кетпейт. Бир жылга созулушу мүмкүн, учурда Кореядан грант келип жатат. Аны менен катар ишеним катты жокко чыгарып жатабыз", — деди Маматалиев.
Ошондой эле өзгөчө абал учурунда депутаттарга Zoom аркылуу аралыктан иштөөгө уруксат берүү демилгеленди.
Депутат, сот болуу талабы татаалдашат. Жарандык боюнча жаңы мыйзам долбоору