Мээнин шишигин кантип билсе болот? Дарыгер симптомдорун санады

Шишик чыкый жакта болсо угуу менен эс тутум начарлайт. Мындайда оорулуу адам башкалардын эмоциясын да айырмалай албай калат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Көздүн тумандап көрүшү жана ичинин тунарышы мээнин шишигинин белгиси болушу мүмкүн. Бул тууралуу Daily Express газетасы жазды.
Ракка кабылгандар адистерге көзүнүн көрүүсү начарлап, телевизор көрүп же окуй албай калганына даттанып көп кайрыла турганы айтылат.
Ошондой эле көрүү талаасы кичирейип, бир нерсеге көзү жетүү үчүн кечке тиктегенге туура келерин айтышкан.
Адистер муну мээде шишик өскөндө көрүүгө таасир эткен нерв кысыла турганы менен түшүндүрдү.
Ошондой эле мээ рагынын көп тараган белгисине баш оору, көңүл айнуу, дайыма уйкусуроо, ой топтоонун начарлашы кирет.
Шишик чыкый жакта болсо угуу менен эс тутум начарлайт. Мындайда оорулуу адам башкалардын эмоциясын да айырмалай албай калат.
Дарыгерлер оору канчалык эрте аныкталса, ошончолук жакшы экенин эскертти.
Онколог ичке ичегинин рагынын 5 белгисин санап берди