Чернобыль апаатына 36 жыл. Бишкекте митинг-реквием өттү

Катышуучулар кыргызстандыктардын элесине арналып орнотулган эстеликке гүл коюшту.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Юлиус Фучик атындагы паркта Чернобыль апаатынын кесепеттеринин жоюлушунун 36 жылдыгына карата митинг-реквием өттү.
1 / 3

Юлиус Фучик атындагы паркта Чернобыль апаатынын кесепеттеринин жоюлушунун 36 жылдыгына карата митинг-реквием өттү

2 / 3

Катышуучулар кыргызстандыктардын элесине арналып орнотулган эстеликке гүл коюшуп, бир мүнөттүк аза күтүштү

3 / 3

Иш-чарага Коргоо министрлигинин, мэриянын өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, "Союз Чернобыль" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, авариянын кесепетин жоюуга катышкандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү келишти.

Катышуучулар кыргызстандыктардын элесине арналып орнотулган эстеликке гүл коюшуп, бир мүнөттүк аза күтүштү. Иш-чарага Коргоо министрлигинин, мэриянын өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, "Союз Чернобыль" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү, авариянын кесепетин жоюуга катышкандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү келишти.
Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов апааттын кесепети менен күрөшкөн адамдардын арты менен радиациянын жайылышы токтотулганын белгиледи.
Коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов
"Сиздердин аракет патриоттулук менен эр жүрөктүктүн белгиси", — деди ал.
Чернобыль атомдук-электр станциясындагы кыйроо 1986-жылдын 26-апрелинде болгон. Анын эң кооптуулугу радиоактвидүү заттардын жайылышы эле. Окуя атомдук энергетиканын тарыхындагы эң ири авария катары эсептелинип келет.
Тарыхты эстеп жүрүшүбүз керек! Бишкектеги "Эскерүү багы" акциясынын видеосу