Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Министрлик британиялык куралдан РФ аймагын аткылоо боюнча билдирүүгө жооп берди

Россияга кандай сокку урулбасын, кечиктирбей жооп кайтарууга даяр турганы жазылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Улуу Британиянын коргоо министринин орун басары Жеймс Хиппинин Киевден Россиянын аймагына сокку уруу боюнча айтканын чагым деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Буга чейин Хиппи Лондондон алып келинген куралдарды украин аскерлери Россиянын объектилерин аткылоо үчүн колдонуусу көйгөй жаратпай турганын айткан.
“Ачыктан-ачык чагымчылык. Лондон Киев режиминдеги мындай кадамдарын ишке ашырууга аракеттенсе тез арада мизи кайтарылат. Буга чейин эскерткендей эле Россиянын куралдуу күчтөрү күнү-түнү даяр турат. Киевдин тиешелүү чечимдерине жараша алыскы аралыктан туруп жогорку тактыкта сокку уруучу курал менен жооп кайтарылат”, — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле РФ Коргоо министрлиги батыш өлкөлөрүнүн биринен келген кеңешчилердин Украинанын чечим кабыл алуу борборунда отурушу Россиянын жооп кайтаруусуна көйгөй жаратпай турганын кошумчалаган.
Дүйнөдө курал сатып алууга кеткен чыгым биринчи жолу 2 трлн. доллардан ашты