Радио

Маматов: Баткенде ишкерликтин алты түрүнө жеңилдик берилди

Экономика жана коммерция министрлигинин Региондорду өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын башчысы Искендербек Маматов Баткен облусунун статусу боюнча эки мыйзам кабыл алынганын белгиледи.
Sputnik
Баткен облусундагы ишкерликтин алты түрүнө бир катар жеңилдиктер берилди. Бул тууралуу Искендербек Маматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Баткен облусуна өзгөчө макам берилгенине байланыштуу эки мыйзам кабыл алынган.
"Баткен облусуна салык, инвестиция, мамлекеттик сатып алуулар жана жеңилдетилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча төрт өзгөчө режим киргизилди. Алар тиешелүү укуктук-ченемдик актылар менен ырасталып, Баткен, Лейлек жана Кадамжайдын 62 айылы өзгөчө статусу бар калктуу конуш катары бекитилди. Бул айылдардагыларга киреше салыгы беш пайызга төмөндөтүлүп, пайдадан жана сатып алуулардан алынуучу салыктан бошотулду. Мындан тышкары, жер жана 2-3-категориядагы мүлк салыгы боюнча карап чыгууга жергиликтүү бийликке мүмкүндүк берилди. Башкача айтканда, бул эки салык боюнча жеңилдик берүү же толугу менен бошотуу чечимин жергиликтүү бийлик кабыл алат. Андан сырткары, жогоруда айтылган жеңилдиктер облустун аймагындагы инновациялык технология колдонулган өндүрүшкө, жеңил жана тамак-аш өнөр жайына, энергетика тармагындагыларга, айыл чарба продукциясын кайра иштеткендерге, чогултуу менен алектенгендерге жана экспортко багыт алган бардык ишкерлерге, жалпысынан ишкерликтин алты түрүнө тиешелүү. Ошондой эле аталган аймакта инвестициялык кепилдик берүү каралды. Ага ылайык, мыйзамдарда кандайдыр талаш-тартыштар болсо инвестордун пайдасына чечилет", — деди Маматов.
Ошондой эле ал Баткен облусунун тургундарына мамлекеттик жана муниципалдык беш кызмат акысыз, тогузу жеңилдетилген шартта көрсөтүлүп баштаганын кошумчалады.