Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Элчи: Батыш Украинаны Россияга сокку урган күч катары колдонууда

Дипломат Украинадагы чатак жана Россиянын тышкы кооптуулук сымал образы Батышта элди көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн колдонулуп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Батыштын аракети украин чатагын коңшу өлкөгө чабуул кое турган күч катары колдонуу максатында чагымчылык менен даярдалгандай ойго түртөт. Бул туурасында пикирин Россиянын АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдирди.
Элчиликтин Telegram каналында дипломат Украинадагы чатак жана Россиянын тышкы кооптуулук сымал образы башкаруучу чөйрөдөгүлөрдүн шайлоочуларды АКШдагы улам өсүп келе жаткан саясий, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдөн жана мамлекеттик башкаруудагы өздөрүнүн кетирген каталарынан алаксытуу үчүн активдүү колдонулуп жатканын айтты.
"Мунун баары Батыш украин чатагын чагымчылык менен даярдагандай ойго түртөт. Коңшу өлкөнү бизге каршы чабуул кое турган күч катары колдонуп жатышат. Россияны тизелете алышпайт. Иллюзияга чулганган батыш долбоорлору артта калды. Россиялык улуттук кызыкчылыктарды урматтоого мезгил жеткендигин түшүнүү керек", — деген Антонов.
Россиянын АКШдагы өкүлү атайын операция украин элине багытталбагандыгын айтты. Башкы максат — ЛЭР жана ДЭРди коргоо, Украинанын нейтралдуу жана өзөктүк куралсыз макамы, бул республиканы демилитаризациялоо жана денацификациялоо.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Батыш Россия коомчулугун бөлүп-жарууга аракет кылып келет