Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Пушилин: "Азовсталдагы" согушкерлер аларды Түркияга эвакуациялоону суранууда

Согушкерлер Россия менен ДЭРдин аскерлерине байланышка чыгып, соодалашууга аракет кылып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Мариуполдогу "Азовсталь" заводунун аймагында калган согушкерлер соодалашууга аракет жасашууда. Алар курал-жарагы менен бошонуп, Түркияга жөнөп кетүүнү суранышууда. Бул тууралуу 26-апрель күнү "Соловьев Live" программасынын эфиринде ДЭРдин башчысы Денис Пушилин билдирди.
"Алар биздин россиялык аскерлерге байланышка чыгып соодалашууга аракет кылып жатышат. Талап кылып же суранып жатышканын билбейм... Алар Киевге ишенбейт. Башкача айтканда, Украина көзөмөлдөгөн жакка эвакуациялангысы келбей жатат. Алар Түркияга барып ошол жактан куралдарын таштай турганын айтышууда. Бул эми болбогон нерсе", — деди Пушилин.
2014-жылы ДЭР болуп жарыялангандан кийин 450 миң калкы бар Мариуполь республиканын Донецкиден кийинки эле ири шаары болгон. Бирок ошол эле жылдын июнь айында Украинанын күч түзүмдөрү шаарды өз көзөмөлүнө кайтарып алган.
7-март күнү, Украинаны демилитаризацилоо боюнча атайын операция башталгандан 12 күн өткөн соң "Восток" батальонунун командиринин орун басары Александр Семенов шаар курчоого алынып, райондору тазалана баштаганын билдирген. Учурда ДЭР менен Россиянын союздук күчтөрү Мариуполду толук бошотуу аракетин көрүүдө. 16-апрель күнү РФтин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенко шаардын аймагы Украинанын армиясынан, чет элдик жалданма аскерлерден жана "Азов" полкундагы (Россияда бул согушкерлерге каршы иш козголгон) неоулутчулдардан бошотулганын кабарлаган. Украиналык топтун калганы "Азовсталь" комбинатында калып, курчоого алынган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Украинадагы чатактын эмне менен бүтөрүн айтты