БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстанда аял режиссерлордун IV кинофоруму өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Маалым болгондой, иш-чараны "Азия чыгармачыл айымдар" фонду уюштуруп, форум 26-27-28-май күндөрү болмокчу.
"Кинофорумга Борбор Азиядан жана Түркиядан аял режиссерлордун келүүсү күтүлүүдө. Адаттагыдай мастер-класстар, талкуулар болмокчу. Катышуучулардын жана коноктордун тасмалары көрсөтүлүп, режиссерлор менен көрүүчүлөрдүн ортосунда суроо-жооп уюштурулат", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул иш-чара быйыл төртүнчү ирет өтөт. Форумдун максаты — Кыргызстандагы режиссер аялдарга колдоо көрсөтүү, алардын өз ара пикир алышуусуна шарт түзүү, шыктандыруу жана жаш режиссерлорду таанытуу болуп саналат.
Кинофорумга кыска метраждуу көркөм жана даректүү фильмдерди кабыл алуу башталганы кошумчаланды.