Керемет кооздук, укмуш! Ала-Тоонун таманындагы кызгалдактуу жерлердин 10 сүрөтү

Бишкектин чет жакасындагы кызгалдактар талаа бетин бербей жайнап чыкты. Сүрөт түрмөгүнөн көргөн да, көрбөгөн да арманда болгон ирмемдерди сунуштайбыз.
Sputnik
Кыргызстанда адатта жазды аяктай кызгалдактар талааларды, дөңсөөлөрдүн бетин бербей, сулуулукту талаша, желге желбирей бир керемет көрүнүштү тартуулайт. Фотограф Владимир Ногай дал ушул ирмемдерди Бишкектен алыс эмес жерден тарткан.
Окумуштуулар кызгалдактын 100дөн ашык түрү бар экенин айтып келишет. Кыргызстанда алардын 70тен ашыгы белгилүү. Papaverales rhoeas деп аталган түрү дээрлик бардык облустарда өсөт. Кызгалдак өтө назик гүл. Эгерде үзсө көп чыдабай соолуп калат.
1 / 10

Ала-Тоо жана анын таманында миллиондогон кызгалдактар

2 / 10

Кызгалдак талааларын Бишкектен 15 чакырым алыс эмес жерден көрүүгө болот

3 / 10

Бишкек шаарынын алыстан көрүнүшү

4 / 10

Кызгалдак өтө назик гүл. Эгерде үзсө көп чыдабай соолуп калат

5 / 10

Кызгалдактын Papaverales rhoeas деп аталган түрү дээрлик бардык облустарда өсөт

6 / 10

Кыргызстанда кооздук, сулуулук жана керемет!

7 / 10

Окумуштуулар кызгалдактын 100дөн ашык түрү бар экенин айтып келишет

8 / 10

Кыргызстанда адатта жазды аяктай кызгалдактар талааларды, дөңсөөлөрдүн бетин бербей, сулуулукту талаша, желге желбирей бир керемет көрүнүштү тартуулайт

9 / 10

Кыргызстанда бул гүлдүн 70тен ашыгы белгилүү

10 / 10

Кызгалдактар дөңсөөлөрдө, талааларда өскөндүктөн, аны каалаган ар бир адам барып көрө алат