БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Адам дени сак болсо дагы ооруларды мындан ары алдын алуу үчүн бир катар текшерүүлөрдөн өтүп турушу керек. Аларды терапевт Анастасия Шустова "Прайм" агенттигине санап берди.
"Бул анализдер аркылуу алгач бейтапка билинбеген, бирок келечекте пайда болчу рак, кургак учук, кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу илдеттер аныкталат", — деди дарыгер.
Алар:
кандын клиникалык анализи – 40 жашка чейин жок дегенде бир жолу кан тапшырып көрүү сунушталат;
кандагы глюкозанын же гемоглобиндин деңгээлин жылына бир жолу текшерүү керек;
чоң кишилер ВИЧке, В жана С гепатитине кан анализин бир нече жылда бир жолу текшертип турганы жакшы;
липиддер профилин билүү үчүн кан анализин бардык кишилерге өмүрүндө эки жолудан кем эмес (35 жана 40 жашта сунушталат) тапшыруу сунушталат;
жылына бир жолу дарыгердин көз алдында кан басымын өлчөтүүсү керек;
электрокардиография — 35 жашка чейин кеминде бир жолу. 35 жаштан жогоркуларга жыл сайын;
флюорография — эки жылда бир жолу жүргүзүлөт;
лимфа бездерин жана меңдерди текшерүү — 39 жашка чейин бир жолудан кем эмес, 40 жаштан баштап жыл сайын;
көздүн кан басымын өлчөө — 39 жашка чейин бир жолудан кем эмес, 40 жаштан жогорку курактагылар жыл сайын;
50 жаштан ашкан эркектерге жыл сайын простата безинин спецификалык антигенин аныктоо үчүн кан тапшыруусу керек. Эгерде жакын туугандарынын арасында простата безинин рагына чалдыккан учурлар болсо, анда 40 жаштан тарта баштоо зарыл;
40 жаштан 75 жашка чейинки бардык аялдар үчүн эки жылда бир маммографиядан өтүп туруу маанилүү. Ошондой эле 18 жаштан 65 жашка чейинки аялдар жыл сайын гинекологиялык кароодон өтүп турганы туура.