БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Украинада кагылышуу токтой элек, келбей турууну сунуштайм жана өтүнөм. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, акыркы күндөрү орозо бүткөндөн кийин Украинага кайтуу ниети менен кайрылгандар көбөйө баштады.
"Бул жерде аскердик кагылышуу дагы деле кызуу жүрүп, шаарларда сирена тынбай, коменданттык саат уланууда. Урматтуу мекендештер! Азырынча Украинага келбей турууңузду сунуштайм жана өтүнөм! Украинага келүү эрте, өз өмүрүңүздү тобокелге салбаңыз! Бардыгыңыздарга аманчылык каалайм", — деп жазган элчи.
Кадыркулов бул сунушту учурда жергиликтүү аскер бийлик органдары дагы берип жатканын айткан.
Ошондой эле элчилик Украинада өз кызматын толук кандуу аткарып, ишмердүүлүк үзгүлтүксүз жүрүп жатканын кошумчалаган.
Акыркы аптада Украинадан Кыргызстанга жети киши эвакуацияланды.