Министр Иманов: паспорт мафиясы улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда

Министр айтылып жаткан ар бир сөзүнүн далили бар экенин жана алар тиешелүү органдарга берилерин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Калктын жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинде паспорттук мафия өнүккөн. Мындай билдирүүнү өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов таратты.
Сөзүнүн башында ал министрликте көп жылдардан бери топтолуп калган көйгөйлөр бар экенин, бирок алардын эң негизгиси дал ушул экенин айткан.
"Бул кызматка келгенде эң биринчи паспорттук мафия көйгөйүнө жолуктум. 24 саат тынымсыз иштеген мафиянын иши абдан жакшы координацияланган. Айтып жаткан ар бир сөзүмө факт, далилдер бар. Баары тиешелүү органдарга берилет", — деди министр.
Ошондой эле ал бул нерсе мамлекетке миллиарддаган зыян келтирип жатканын белгиледи.
"Алар акырындык менен пара алып, коррупциянын болушунча гүлдөп-өнүгүшүнө шарт түзүп жатышат. Жасалма паспорттор миңдеп берилет. Бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда", — деди ал.
Сөзүнүн соңунда министр бул сөздөрүнөн кийин коррупцияга аралашып жүргөндөр тарабынан караланарын түшүнүп турганын, бирок реформа болушу үчүн кимдир бирөө жоопкерчиликти алып, аракет кылышы керектигин кошумчалады.
Кыргызстандыктар үчүн электрондук паспорт иштеп чыгуу пландалууда