БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жаңы Ак үйдүн курулушунун акысына бериле турчу 16 гектар жердин болжолдуу базар баасын айтты.
Белгилей кетсек, өлкө башчы "Кабар" маалымат агенттигине маек курган.
Журналист Жапаровго Ак үйдү салууда мамлекеттен бир тыйын коробойт деп айтканын, бирок активисттер 16 гектардын базар баасы 35-40 миллион долларды чапчый турганын, ал эми курулушка анын үчтөн бир бөлүгү эле коротуларын айтып чыгышканын эске салды. Ошондой эле "16 гектар жерди ачык сатыкка коюп, андан түшкөн акчага имаратты салса болбойт беле?" деп сураган.
"Активисттер эң туура айтат. Бул маселеде алар менен эч кимибиз талашкан жокпуз. Ал жердин базар баасы 30 миллион доллардан жогору турат. Имарат өзү 25 миң чарчы метрдин тегерегинде салынып жатат. Бул деле 30 миллиондун тегереги болот. Кандай материалдар колдонулганына жараша баасы чыгат. Аны иш башкармалыгыбыз толук көзөмөлгө алып жатат. Салынып бүткөндөн кийин так суммасын чыгарып, айырмасын эсептешебиз. Эч ким эч кимге бекер жер бербейт же алар бизге бекер имарат куруп бербейт. Карыз болсок беребиз. Алар карыз болсо, өкмөттүн имараты салына баштаганда ал жакка салымын кошушат. Мына ушундай макулдашуу менен кетип бара жатабыз", — деди Жапаров.
Эске салсак, президенттик администрациянын жаңы имараты мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын ордуна курулат. Президент Садыр Жапаров анын курулушуна 15-апрель күнү капсула салган. Ошондой эле ал курулушка мамлекеттик бюджеттен акча кетпей турганын, анын ордуна курулуш компаниясына 16 гектар жер берилерин айткан. Президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушун ата мекендик TS Group компаниясы жүргүзө турганы белгилүү болгон.