Путин украиналык улутчулдар эл аралык укукту бузуп жатканын айтты

Владимир Путин Россиянын Куралдуу күчтөрүнө каршы провокациялар бар экенин айтып, бул үчүн чет элдик ЖМКларды жана социалдык тармактарды колдонуп жаткандар жоопко тартылышы керектигин эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Украинадагы операция маалында улутчулдар тарабынан эл аралык укукту бузуу, анын ичинде адам өлтүрүү фактылары ачыкка чыкты. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путиндин билдирүүсүнө таянып РИА Новости жазды.
"Донбасстагы жана Украинадагы атайын операцияга байланыштуу прокуратура органдарынын жана бардык укук коргоо органдарынын алдында бир топ милдеттер турат. Азыртадан эле Украинада түзүлгөн улутчулдар тобу адамдарды, анын ичинде балдарды тирүүлөй калкан катары колдонгону аныкталды", — деди Путин.
Ошондой эле президент Россиянын Куралдуу күчтөрүнө каршы провокациялар бар экенин айтып, бул үчүн чет элдик ЖМКларды жана социалдык тармактарды колдонуп жаткандар жоопко тартылышы керектигин белгиледи.
Журналистти өлтүрмөк болушкан. Путин ФСБ кылмышты алдын алгандыгын айтты