Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Россия — Украина сүйлөшүүлөрү аягына чыга элек

Анткен менен ТИМ башчысы Сергей Лавров Украина өз сунуштарынан баш тартып, сүйлөшүүлөрдү токтотуу үчүн бир канча чагымчылык кадамдарды уюштура баштагандыгын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Россия жана Украина тараптан сүйлөшүү жүргүзгөн командалар бар, процесс бүткөн жок. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

"Эки тараптан тең сүйлөшүү командалары бар, алар түзүлгөн, жолугушуу бир нече ирет маңдай-тескей жана видеоконференция түрүндө болду. Процесс бүткөн жок. Башка форматтар боюнча учурда маалыматым жок", — деп жазган РИА Новости анын сөзүн.

Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Анын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
Россиялык-украиналык консультациялар февралдын аягында башталган: делегациялар Беларуста маңдай-тескей эки жолугушууну өткөрдү. Андан соң аны видеоконференц-байланыш режими менен улантуу чечими кабыл алынган. Марттын аягында делегация Стамбулда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раундун жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы боюнча, Россия делегациясынын башчысы, РФ президентинин жардамчысы Владимир Мединский Украина келечектеги келишим боюнча сунуштарын кат жүзүндө бергендигин айтты. Ал Москва кепке келүүгө жасалган кадам экендигин, Киев негизинен көп жылдардан бери келишимге келүү каалоосун көрсөткөндүгүн билдирген.
Россия тарап Украинага жооп катары эки кадам жасаган. Биринчиден, Киев жана Чернигов багытында аскердик аракеттерди кыскартуу чечими кабыл алынган. Экинчиден, Москва президент Владимир Путиндин жана Владимир Зеленскийдин жолугушуусу ТИМ жетекчилеринин келишимди парафирлөөсү менен бир убакта өтүүсүн сунуштады.
Анткен менен ТИМ башчысы Сергей Лавров Украина өз сунуштарынан баш тартып, сүйлөшүүлөрдү токтотуу үчүн бир канча чагымчылык кадамдарды уюштура баштагандыгын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров: Украинада атайын операциянын кийинки фазасы башталууда