Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Россия АКШдан Украинага курал жеткирүүнү токтотууну талап кылып нота жөнөттү

Элчи Вашингтон Киевге 800 миллион долларлык курал-жарак жөнөтүү менен абалдын дипломатиялык жол менен чечилишине шарт түзө албай турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Москва Вашингтондон АКШнын Украинага курал жеткирүүсүн токтотууну талап кылды. Бул тууралуу РФтин АКШдагы элчиси Анатолий Антонов билдиргенин РИА Новости жазды.
"Вашингтон Киевге 800 миллион долларлык курал-жарак жөнөтөт. Бул өтө чоң сумма жана абалдын дипломатиялык жол менен чечилишине шарт түзбөйт. Бул боюнча нота жөнөткөнбүз жана АКШнын Украинаны курал менен камсыздашы ылайыксыз экенин белгилеп, мындай практиканы токтотууну талап кылдык", — деди элчи "Россия 24" телеканалына курган маегинде.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Анын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
Россиянын Коргоо министрлигинин билдиргенине караганда, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктураларга жана украиналык аскерлерге гана жасап жатат. 25-мартка карата биринчи этаптын негизги тапшырмаларын аткарышты, тагыраагы, Украинанын согуштук мүмкүнчүлүгүн төмөндөтүштү. Коргоо министрлигинен россиялык аскерлердин негизги максаты Донбассты бошотуу экендигин айтышты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жапаров: Украинадагы кризис боюнча нейтралдуу позициябыз өзгөрбөйт