Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: Батыш Россия коомчулугун бөлүп-жарууга аракет кылып келет

Путин Батыштын Россияны ичинен талкалоо боюнча көздөп келген максатына жете албай жаткандыгын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Батыштын биринчи планы Россия коомчулугун бөлүп-жаруу жана Россияны талкалоо, бирок бул алардын колунан келбей жатат. Бул туурасында РФ президенти Владимир Путин Башкы прокуратуранын кеңейтилген кеңешмесинде сүйлөп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Бизди таң калтырган нерсе — Европа жана АКШдагы жогорку рангадагы дипломаттар өздөрүнүн украиналык сателлиттерин согуш талаасында жеңишти камсыздоо үчүн болгон күч-кубатын пайдаланууга чакырып келишет. Кызыктай болгон мындай дипломатия биздин АКШ жана Европадагы өнөктөштөрүбүздө гана бар. Анткен менен муну жасоого мүмкүн болбогондугун сезишкенден кийин биринчи планга башка милдет, тагыраагы, Россия коомчулугун бөлүп-жаруу менен Россияны ичинен талкалоо милдетин алышты. Бирок бул жерде да үзгүлтүк болуп, анысы аткарылбай жатат", — деген Путин.
Россия президенти коомчулуктун Донбасс боюнча кадамын төмөнкүчө сүрөттөгөн.
"Биздин коомчулук кыраакылыгын, биримдигин көрсөтүүдө. Куралдуу күчтөрүбүздү колдоп, Россиянын коопсуздугун камсыздоого багытталган иштерге жана Донбасста жашаган жарандарга тилектештигин билдирүүдө", — деген ал.
Журналистти өлтүрмөк болушкан. Путин ФСБ кылмышты алдын алгандыгын айтты