Радио

Токтахунова: Кыргызстандагы мугалимдердин 70%ы 40 жаштан жогорку куракта

Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Бюджеттик саясат жана финансы анализи башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Гүлнура Токтахунова педагогдордун айлыгынын жогорулашы жаш мугалимдердин көбөйүшүнө алып келерин айтты.
Sputnik
Кыргызстанда 78 миң мугалим бар. 40 жаштан 70 жашка чейинки курактагы мугалимдердин көбү пенсия курагында. Бул тууралуу Гүлнура Токтахунова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жогорку билими бар жаран педагогикалык квалификациясын жогорулатып, мектепте сабак бере алат.
"Кыргызстанда 78 миң мугалимдин 70 пайызы пенсия курагына жакындап калды. Акыркы учурларда жогорку окуу жайларында педагогикалык билим алууну каалаган жаштардын саны кескин төмөндөп кеткен. Анткени эмгек акынын аздыгынан жаштардын көбү мугалим болууну каалабай, башка тармактарга кетип жатат. Президенттин жарлыгы менен жакында педагогикалык кызматкерлердин айлыгы 80 пайызга көтөрүлдү. Бул кадам атаандаштыкты күчөтүп, билим берүүнүн сапатына оң таасирин берет. Албетте, системаны жолго салуу үчүн комплекстүү иштер жасалып, туура чечимдер керек. Өзүбүздүн баалуулуктарды, дүйнөлүк тенденцияларды эске алып, татыктуу билим берүү зарыл болуп турат", — деди Токтахунова.
Ошондой эле адис билим берүү тармагында иштеген административдик кызматкерлердин эмгек акысы 50 пайызга жогорулагандыгын кошумчалады.