БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстан күн карама майынын бир тобун чет өлкөдөн сатып алат.
Эске салсак, өлкө өзүн-өзү өсүмдүк майы менен 20 пайыздын тегерегинде гана камсыздайт.
Кененирээк болушу үчүн төмөндө өткөн жылга карата маалыматты толугу менен алдык. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, былтыр Кыргызстанга бул продукциянын дээрлик 39,4 миң тоннасы импорттолгон.
Экспортчу өлкөлөр:
Россия – 28 миң 089,8 тонна;
Казакстан — 11 миң 120,3 тонна
Азербайжан — 124,1 тонна;
Өзбекстан — 10,5 тонна;
Беларусь — 8,5 тонна;
БАЭ — 3 тонна;
Түркия — 1,7 тонна.
Белгилей кетсек, өсүмдүк майында күн карама майынын үлүшү басымдуулук кылат. Маселен, өткөн жылы 150 тоннага жетпеген зайтун майы, 1,7 миң тоннадан бир аз ашык пальма, 800 тонна кокос жана 86 тонна кычы май импорттолгон. Калганы күн карама майы.