Медиктердин айлыгы көтөрүлөт. Министрлик ким канча аларын түшүндүрдү

Саламаттык сактоо министрлиги айлык акы кайсы дарыгерлерге жана канчадан кошуларын кенен түшүндүрүп берди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Апрель айынан баштап медицина кызматкерлери 50 пайызга чейин жогорулатылган айлык акы ала баштайт. Ошол эле учурда үстөк акча менен кошумча төлөмдөр сакталып каларын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Аталган системасында иштеген жылдары үчүн кошумча (кенже тейлөөчү персоналдан тышкары):
беш жылдан 10 жылга чейин — 10 пайыз;
10 жылдан 15 жылга чейин — 20 пайыз;
15 жылдан ашык — 30 пайыз.
Квалификациялык категория боюнча:
жогорку квалификациялык категория — 50 пайыз;
I квалификациялык категория — 30 пайыз;
II квалификациялык категория — 10 пайыз.
Айкалыштырып иштөө боюнча үстөк акы айкалыштырылган кызматтын категориясын эске алуу менен төлөнөт.
Мисалы:
алты жылдык тажрыйбасы бар, бирок категориясы жок, айылдык ооруканада иштеген дарыгердин айлык акысы жогорулаганга чейин 9 001 сом болсо, жогорулагандан кийин эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда 13 518 сомдун тегерегинде болот;
17 жылдык иш тажрыйбасы бар жогорку категориядагы врач жогорулаганга чейин 14 252 сом, жогорулагандан кийин эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда эмгек акысы 21 403 сомго жакындайт;
шаардык бейтапканада иштеген, стажы жана категориясы жок жаш үй-бүлөлүк дарыгердики жогорулаганга чейин 10 000 сом болсо, жогорулагандан кийин эмгек акысы, эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда 15 136 сомдун тегерегинде төлөнөт;
айыл жериндеги жогорку категориясы жана 16 жылдык иш тажрыйбасы бар үй-бүлөлүк дарыгер жогорулаганга чейин 19 000 сом алса, жогорулагандан кийин эмгек акысы, эмгекке катышуу коэффициентин эсепке албаганда 28 758 сомдун тегерегинде айлык алат.
Мамлекет бир тыйын пенсия карыз эмес. Байсалов Соцфондго акча төлөөгө чакырды