Жапаров быйыл Кумтөрдөн 17 тоннанын тегерегинде алтын казыларын билдирди

Мамлекет башчы бир грамм дагы алтын уурдалбай турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Быйыл Кумтөрдөн 17 тоннанын тегерегинде алтын казып алуу пландалды. Бул туурасында президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.
Мамлекет башчы бир грамм дагы алтын уурдалбай турганын белгилеген.
"Алтын казуу дайыма эле бир көлөмдө казылбайт. Бир жерде руданын курамында алтын көп болсо, бир жерде аз болот. Өндүрүлгөн алтынды Улуттук банк дүйнөлүк биржага сатып берип турат. Кайсы күнү канчадан сатканы, биржа баасы да көрүнүп турат. Кыскасы, алтын уурдалат деген арам ойдон алыс болушубуз керек. Ар бир граммы эсеп-чотто турат", — деди президент.
Жапаров: жаңы Ак үйдүн жанына имарат куруп, министрликтерди да көчүрүп кетебиз