Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевди суракка чакырды

Ташиев 2010-жылы "Ата-Журт" партиясынын лидери болуп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Башкы прокуратура УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди суракка чакырды. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал 2010-жылдагы Июнь окуясын иликтөөнүн алкагында күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырылган.
Ташиев 2010-жылы "Ата-Журт" партиясынын лидери болуп турган.
Белгилей кетсек, былтыр президент Садыр Жапаров Июнь окуялары боюнча материалдарды изилдеп чыгууну УКМКга тапшырган болчу.
2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400 адам анын курмандыгы болгон.
Парламент Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок