БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Франциянын азыркы президенти Эммануэль Макрон президенттик шайлоонун экинчи чечүүчү айлампасында жеңип чыгып, дагы беш жылга кызматында калды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Жыйынтыгында добуштардын көпчүлүгү (58,32 пайыз) Макронго берилип, атаандашы "Улуттук биримдик" партиясынын лидери Марин Ле Пен артта калган. Мындан улам Франциянын Конституциялык сотунун төрагасы Эммануэль Макрондун келерки беш жылга президент болуп шайланганын 27-апрель күнү расмий жарыялайт.
Франциянын мыйзамдары боюнча, президенттик шайлоо эки тур менен өтүшү мүмкүн. Эгер биринчи турда бир дагы талапкер абсолюттук көпчүлүктүн добушун ала албаса, анда экинчи тур дайындалат. Ага эң көп добуш алган эки талапкер өтөт.
Бул ирет шайлоонун биринчи туру 10-апрелде болгон. Анын жыйынтыгы боюнча экинчи турга эки талапкер — Эммануэль Макрон менен Марин Ле Пен өткөн. Шайлоочулардын тизмесине Франциянын 49 миллионго жакын жараны кирген.
Макрон алгачкы ирет 2017-жылы 39 жашында президенттикке шайланып, өлкө тарыхындагы Франция Республикасынын эң жаш жетекчиси жана өзүн-өзү көрсөткөн биринчи адам болуп калган. Беш жыл мурун дагы шайлоонун экинчи айлампасында азыркы атаандашы Марин Ле Пенди утуп алган эле.