Европада жакынкы жылдары экономикалык жоготуулар көп болорун эскертишти

Соңку учурлары Европанын бир катар мамлекеттери санкциялардын айынан экономикасы жабыр тарта баштагандыгын баса белгилеп, Россиянын энергоресурстарынан көз карандылыкты жоюунун жолун издеп башташты.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Европа өнөр жайы жакынкы жылдары сезилерлик экономикалык жоготууларга кабыларын эске алышы керек, компаниялар энергоресурстардын кымбатташынан, логистикалык чынжырчанын үзүлүшүнөн жапа чегип жатышат. Бул туурасында Герман өнөр жайчылар союзунун (BDI) жетекчиси Зигфрид Русвурмдун айтканын РИА Новости жазды.
Русвурм бул маселеге Франция президенти Эммануэль Макрондун кайра шайланышы боюнча сүйлөп жатканда токтолгон.
"Эммануэль Макрондун кайра шайланышы Франция жана бирдиктүү Европа үчүн маанилүү сигнал болду. Герман өнөр жайы Франциянын эл аралык кризис учурунда күчтүү өнөктөш катары кала бергендигине жеңилденүү менен карады. Европа өнөр жайы жакынкы арада сезилерлик экономикалык жоготуулар менен эсептешиши керек. Компаниялар энергоресурстардын кымбатташынан, логистикалык чынжырчанын үзүлүшүнөн жапа чегип жатышат", — деген Русвурм.
Ал Берлин менен Париждин тыгыз кызматташуусу "келген россиялык энергоресустардан көз карандылыкты азайтып, заманбап Европанын экономикалык өнүгүүсүн бекемдөөдөгү алмаштыргыс нерсе" деп кошумчалаган.
Буга чейин Эммануэль Макрон президенттик шайлоонун экинчи турунда жеңишке жетишкени маалымдалган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Евробиримдик Россияга карата кезектеги санкцияларды киргизүү ниетинде