БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жер жүзүндөгү эң узак жашаган адам деп табылган япониялык Канэ Танака 120 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу NHK басылмасына таянып РИА Новости кабарлады.
Билдирмеге караганда, Канэ Танака 1903-жылдагы Россия-Япония согушуна чейин туулган. Ал башынан эки дүйнөлүк согушту өткөрүп, беш императордун башкаруусун көргөн.
"Танака Япониянын Фукуока префектурасындагы карылар үйүндө турчу. Ушул жылдын январь айында 119 жашын белгилеген. Улгайган аял баарынан газдалган суусундук менен шоколадды жакшы көрчү", — деп айтылат маалыматта.
2019-жылдын март айында ал Гиннестин рекорддор китебине дүйнөдөгү эң узак жашаган адам деп киргизилген. Канэ Танака Японияда да эң улгайган адам деп эсептелчү.