Дүйнөдө курал сатып алууга кеткен чыгым биринчи жолу 2 трлн. доллардан ашты

Алдыңкы бештикке АКШ, Кытай, Индия, Улуу Британия жана Россия кирет. Булар курал-жаракка сарптаган каражат дүйнөлүк чыгымдын 62 пайызын түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Былтыр дүйнө жүзү боюнча аскердик чыгымдар биринчи жолу рекорддук көрсөткүчкө жетип, эки триллион доллардан ашты. Бул тууралуу Стокгольм эл аралык тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) отчетуна таянып "Прайм" агенттиги жазды.
Алдыңкы бештикке АКШ, Кытай, Индия, Улуу Британия жана Россия кирет. Булар курал-жаракка сарптаган каражат дүйнөлүк чыгымдын 62 пайызын түзөт.
"2021-жылы бардык өлкөлөр аскерин куралдандыруу үчүн 2 триллион 113 миллиард доллар сарптады. Бул мындан 10 жыл мурункуга салыштырмалуу 12 пайызга жогору", — деп айтылат макалада.
Алдыңкы беш өлкө канча акча коротту:
АКШ — 801 миллиард доллар;
Кытай — 293 миллиард доллар;
Индия — 76,6 миллиард доллар;
Улуу Британия — 68,4 миллиард доллар;
Россия — 65,9 миллиард доллар.
SIPRI мекемесинин аскердик чыгымдар жана курал-жарак өндүрүү боюнча программасынын директору Люси Беро-Судронун айтымында, мунай менен газ сатуудан түшкөн кирешенин көбөйүшү Россияга 2021-жылы аскердик чыгымын жогорулатууга мүмкүндүк берген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина тараптан Россиянын айылына снаряд түштү