Жапаров: диплому жоктор Жогорку Кеңешке депутат болушун колдобойм

Депутаттан жогорку билимди талап кылуу нормасын мыйзамдан алып салуу демилгеси өткөн аптада көтөрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров диплому жок жарандардын Жогорку Кеңешке депутат болушун колдобой турганын билдирди.
"Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамдарды жазыш керек. Ал мамлекеттин, элдин тагдырын чечүүчү мыйзамдар болот. Анан жогорку билими, тажрыйбасы жок адам кантип мыйзам жазат? Жүз пайыз жогорку билимдүү депутаттар келиши керек", — деди Жапаров.
Белгилей кетсек, өткөн апатада бир катар эл өкүлдөрү ЖК депутаты болууга жогорку кесиптик билими тууралуу диплом талап кылуу нормасын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, коомдук талкууга чыгарган.
Былтыр Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзамы өзгөртүлүп, "жогорку билимдүү жарандар гана шайланууга укуктуу" деген норма киргизилген. Ага чейин мындай талап коюлчу эмес.
Жасалма диплом алууга шектелип жаткан эки депутаттын аты-жөнү аталды