БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Өткөн аптанын акыркы күндөрүндөгү баа менен салыштырганда дүйшөмбү күндүн таңына карата доллардын баасында чоң өзгөрүү болгон жок.
АКШ валютасынын курсу бир тыйынга арзандап, евронун курсу 10 тыйынга өскөн.
"Бишкек петролеум" май куюучу жайында бензин менен дизель майдын баасы да өзгөргөн эмес.
Алтын куймалардын наркы мурдагыдай эле сатылып жатат. Болгону 100 граммдык куйма 3,2 миң сомго кымбат болуп калды.