Радио

Сайназаров: жеке мектеп, бала бакчалар билим берүүнүн локомотиви болууда

Билим берүү жаатында эксперт Кеңешбек Сайназаров жеке менчик билим берүү тармагы табигый өнүгүү жолу менен кеткенин белгиледи.
Sputnik
Жеке мектептер билим берүүнүн локомотиви болуп калды. Мындай пикирин Кеңешбек Сайназаров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жеке билим берүү мекемелери жалпы мектеп, бала бакчаларына үйүлгөн жүктү азайтууда.
"Кыргызстанда жеке билим берүү мекемелери табигый жол менен өнүгүүдө. Ошол эле жалпы мектеп, бала бакчалар бере албай калган мүмкүндүктөрдү түзүп жатат. Мындан тышкары, жалпы мектептердеги сыйымдуулук көйгөйүн жеңилдетүүдө. Маселен, баласы жалпы мектепке кире албай калган ата-энелер рыноктон альтернатива караштыра баштады. Буга жооп катары бизнес менчик мектеп, бала бакчаларды курду. Натыйжада базар экономикасы, атаандаштык жеке мектептердеги билим берүүнүн сапаттын, инфраструктуранын жана балдар үчүн шарттардын жакшырышына алып келди. Учурда жеке мектеп, бала бакчалар билим берүүнүн локомотиви болууда. Жалпы билим берүү системасы, министрлик жеке билим берүү мекемелеринин тажрыйбасын колдонушу керек", — деди Сайназаров.
Эксперт менчик мектептердеги билим берүү өлкөнүн жүзү болуп, жалпы билим берүүнүн деңгээлине дагы өз таасирин тийгизип жатканын кошумчалады.