Жапаров Байсалов менен Бейшеналиевдин жоруктарына эмнеге көз жумуп коёрун айтты

Мамлекет башчы аткаминерлердин жасаган иши эл үчүн болуп жатканы маанилүү экенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата айтылган сын боюнча пикирин билдирди.
Ал Байсаловду өзүнчө көз карашы бар, ал эми Бейшеналиевди сөзгө чоркок, бирок иштин көзүн билет деп сыпаттады.
"Эдил Байсалов көп нерсени ачык айтат. Бирөөгө жагабы-жакпайбы, көңүл бурбайт. Демократияга көбүрөөк ыктаган чиновник. Бизде демократия. Ар ким сунушун, өз көз карашын ортого таштайт. Аны талкуулайбыз, жакса кабыл алабыз. Жакпаса четке кагабыз. Ал эми Алымкадыр Бейшеналиев сөзгө чоркок министр, бирок иштин көзүн билген жетекчи. Андыктан этика жактан кемчиликтери болсо да көз жумуп келебиз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал жасаган иши эл үчүн болуп жатканы маанилүү экенин кошумчалады.
Министр Алымкадыр Бейшеналиевге сөгүш жарыяланды