БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Украинада атайын операция башталгандан бери Батыш дүйнөнүн көпчүлүк бөлүгүн Россияга каршы тукура алган жок. Бул тууралуу Foreign Policy журналы үчүн макала жазган баяндамачы Ховард Френч белгилеген.
Анын айтымында, көпчүлүк өлкөлөр Москвага каршы санкцияны колдогон эмес. Алардын ичинде Индия жана Кытай сыяктуу ири мамлекеттер бар.
"Дүйнө жүзүндөгү калктын санынын көпчүлүгүн түзгөн мамлекеттер бул конфликтиде кимдир бирөөнүн позициясын колдоодон баш тартты. Алар мындан Чыгыш менен Батыштын атаандаштыгын байкашууда", — деди Френч.
Баяндамачынын пикиринде, XX кылымдын башында түзүлгөн эл аралык саясий система "үчүнчү дүйнөнүн" мамлекеттерине экинчи сорттогу статусту берген. Ал Европа мамлекеттери колонизациялаган Африканы мисал катары келтирди.
"Кулга айланган миллиондогон адам ири көлөмдө кумшекер жана пахта өндүрүп, акы төлөнбөгөн иштерди аткарышкан. Бул нерсе америкалык колонияны Европа үчүн пайда алып келген булакка айланткан", — деди автор.
Френч мурда колонияга айланган элдердин адилеттүүлүк боюнча курч сезимдерин четке какпай, көңүл бурууга чакырды.
24-февралда Украинада аскердик атайын операциясын баштаган Россияга Батыш мамлекеттери катаал санкцияларды киргизген. Москва мындай кадамды болуп көрбөгөндөй экономикалык согуш деп жарыялады. Санкциялардын кээрин АКШ менен Европа мамлекеттери да тартып, элинин нааразычылыгын жаратууда.