Улукбек Жолдошбеков менен Исламбек Орозбеков Азиядан коло байге утту

Эркин күрөштү аркалаган эки спортчу тең жарым финалда атаандаштарына жеңилип калган. Бирок коло медаль үчүн кармашууга мүмкүнчүлүк алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков менен Исламбек Орозбеков Монголиядагы Азия чемпионатынан коло байге утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунун (UWW) сайтына жазылды.
Мелдеш Улан-Батор шаарында өтүүдө.
Жолдошбеков (61 кг) чейрек финалда өзбекстандык Жахонгирмирза Туробовду 6:2 упай эсебинде уткан. Бирок жарым финалда Япониядан келген Рэй Хигучиге 14:4 упай менен жеңилип, коло үчүн гана кармашууга мүмкүнчүлүк алып калды. Үчүнчү орун үчүн беттеште индиялык Мангал Кадянды 6:4 упай эсебинде жеңди.
Орозбеков (74 кг) чейрек финалда түркмөн балбаны Атамурат Чарлыевди 9:0 менен караандатпай уткан. Жарым финалда казак спортчусу Нуркожа Кайпановго 15:8 упайында жеңилүүгө дуушар болгон. Коло үчүн таймашта Ихтиер Наврузовду 11:0 менен утуп алды.
Ушуну менен Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 14 медалдын ээси болду. Анын төртөө алтын, үчөө күмүш, жетөө коло.
Азия чемпионаты: Эрназар Акматалиев күмүш, Арсалан Будажапов коло медаль утту