Радио

Досалиев: Америка Россияга каршы биосогуш ачууну көздөп жаткан

Күч түзүмдөрүнүн ардагери, полковник Нурлан Досалиев Россиянын Украинага атайын операция башташына аталган өлкөдө АКШнын коркунучтуу биокуралдарды жасаган лабораторияларынын аныкталганы негизги себеп болгонун айтты.
Sputnik
Америка Россияга каршы коркунучтуу биосогуш ачууну көздөп жаткан. Бул тууралуу Нурлан Досалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Украинадагы биолабораторияларда славян калкынын генетикасын олуттуу талкалай турган биокуралдар иштелип чыккан.
"Россия Украинада атайын операция баштаганга мажбур болду десек да болот. Анткени аталган өлкөнүн чалгын кызматы иликтеп таап келген биокуралдар боюнча маалыматтардан соң кол куушуруп отура берүүгө болбойт болчу. Анткени Америка Советтер Союзу тарагандан кийин Украинага көптөгөн биолабораторияларды ачкан. Аларда сибирь жарасы сыяктуу адамды өлүмгө алып келүү коркунучу 70 пайызга чейин жеткен вирустар даярдалып жатканы айтылган документтер ачыкталды. Анда сибирь жарасы славяндардын генетикасына, тактап айтканда, r1a1 гаплотобун өлүмгө алып келүүчү түрү, симптомдору билинбеген формасы даярдалып келгени аныкталды. Алардын планы боюнча, бул биокурал орус элин кырмак. Бул куралдар колдонулса украиналыктар да славян калкы болгондуктан жабыр тартмак. Анткени r1a1 орус калкынын генетикасында 50 пайызга жетпесе, украиналыктарда 50 пайыздан жогору экен", — деди Досалиев.
Ал бул биокуралдар колдонулган учурда бир эле Россия жана Украина калкы эмес, башка мамлекеттердин эли да жабыр тартышы мүмкүндүгүн кошумчалады.