Кыргызстандын премьер-министри алмашабы? Президент Жапаровдун билдирүүсү

Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын премьер-министри алмашат деген маалымат боюнча өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирүү жасады.
Белгилей кетсек, интернет булактарында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иштен алынары тууралуу маалыматтар тарап жатат. Кээ бирлер анын ордуна талапкерлерди сунуштоого да жетишкен.
"Ушундай ушак кептерди, интригаларды кимдер таратып жатат? Алмашпайт эч кандай", - деп жазды өлкө башчы.
ТИМ жетекчисинин милдетин аткарчу Кулубаев иш жамаатына тааныштырылды