Садыр Жапаров православ христиандарын Пасха майрамы менен куттуктады

Өлкө башчы христиан динин карманган ар бир кыргызстандыктын үмүт-тилегинин жана жакшы демилгелеринин аткарылышын каалады.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бүгүн — тууган-урук менен кезигип, белек берип, эски таарынычтарды кечирүү күнү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун православ христиандарын Пасха майрамы менен куттуктоосунда айтылды.
"Пасханын өзүнүн өзгөчө мааниси, каада-салты жана ырым-жырымы бар. Православ христиандары көп кылымдык салтты карманып, бул майрамды чоң шыктануу, кубаныч жана Жаратканга ыраазычылык менен белгилешет. Бүгүн — тууган-урук менен кезигип, белек берип, эски таарынычтарды кечирүү күнү", — деп айтылат куттуктоодо.
Ошондой элө өлкө башчы христиан динин карманган ар бир кыргызстандыктын үмүт-тилегинин жана жакшы демилгелеринин аткарылышын каалап, жан дүйнөсүнө тынчтык жана бейпилдик каалады. Ал эми көп улуттуу Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүү тиледи.
Мирзиёев Жапаровду “Кумтөрдү” Кыргызстандын менчигине алышы менен куттуктады