ЖМК: Россияга каршы санкциялар француз порттору үчүн ири көйгөйгө айланды

Америкалык жана европалык аткаминерлердин Россияга каршы санкциялары эми өз өлкөлөрү үчүн экономикалык көйгөйлөргө айланып бара жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Санкцияга кабылган, россиялыктарга таандык жүк ташуучу кемелер дээрлик эки айдан бери Франциянын портторунда кармалып турат. Алар орун ээлеп тургандыктан жергиликтүү бийлик кемелерди өз эсебинен ары-бери жылдырып турууга аргасыз болууда. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.
"Маселен, Сен-Мало шаарындагы портто 141 метр узундуктагы ушундай кеме бар. Ал пристанга араң баткандыктан бөлөк кемелер келгенде башка жакка жылдырып турууга туура келет. Жергиликтүү кеңештин депутаты Стефан Перрен мындай көрүнүш канчалык узакка созулса, бардык тараптарга ошончолук зыян алып келерин айтат. Анткени кемени жылдыруу оңой көрүнгөнү менен бир топ акча талап кылат", — деп айтылат билдирүүдө.
Жергиликтүү бийлик бир эле кемени кармап турууга ушуга чейин 50 миң еврого жакын каражат сарпталганын айтууда. Ал эми кеменин ичиндеги россиялык деңизчилер убактылуу карантинге алынып, аларга кетчү каражатты дагы бийлик өз мойнуна алууга аргасыз болуп жатат. Анткени кеме кызматкерлеринин банктык карталары Францияда блоктолуп калгандыктан алар өз эсебиндеги каражатты ала алышпайт.
Украинаны демилитаризациялоо атайын операциясы башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Россияга каршы санкциялык кысымын күчөттү. Чектөө чаралары биринчи кезекте экономиканын ар кайсы секторлоруна зыянын тийгизүүдө.
Америкалык жана европалык аткаминерлердин аракеттери эми өз өлкөлөрү үчүн экономикалык көйгөйлөргө айланып бара жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Укмуштуудай кастык". НАТО Европада эмне жорук баштаганы турат?