Майдагы каникулда Ош мэриясы концерт, оюндарды уюштурат. Программа

Калаада уюштурулуп жаткан бардык иш-чараларга кирүү акысыз.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Алдыдагы узак эс алуу күндөрүнө карата Ош шаарынын мэриясы концерттик жана спорттук иш-чараларды даярдап жатканын кабарлады.
Аны уюштурууга мэриянын алдындагы Маданият башкармалыгы менен Дене тарбия жана спорт комитети тартылган.
Иш-чаралардын программасы:
1-май — "Токтогул" жана "Навои" парктарында ордо, стол тенниси, шахмат, гиря көтөрүү, тогуз коргоол, кол күрөш боюнча мелдештер;
5-май — 16:00дө Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият кызматкерлери футбол боюнча беттешет. Оюн концерттик программа менен коштолот;
6-май — саат 18:00дө "Алымбек датка" этнокомплексинде концерт. Мэриянын Маданият башкармалыгынын солисттери кыргыздын салттуу музыкасын жандуу үн менен тартуулайт;
7-май — "Навои" эс алуу багында концерттик программа;
8-май — "Алымбек датка" этнокомплексинде концерттик программа;
9-май — саат 10:00дө "Келечек" балдар чыгармачылык борбору, "Жапалак" шайыр апалар тобу, шаардык үйлөмө аспаптар оркестринин концерти.
18:00дө Ахматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо "No name" тамашоу командасы Өзбекстандын "Браво" командасы менен биргеликте достук концертин тартуулайт.
Мэрия жогоруда белгиленген бардык иш-чараларга кирүү акысыз болорун айтты.
1-9-май күндөрү эс алабызбы? Токтом долбоору коомдук талкууга коюлду