Францияда президенттик шайлоонун экинчи турунда Макрон алдыда келе жатат

Экинчи турда учурдагы президент Эммануэль Макрон менен "Улуттук фронттун" лидери Марин Ле Пен ат салышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Эммануэль Макрон Франциядагы президенттик шайлоонун экинчи турунда алдыда келе жатат. Бул тууралуу РИА Новости бельгиялык ЖМКларга таянып жазды.
Учурдагы президент шайлоочулардын 55тен 58 пайызга чейинки добушун алганын бельгиялык ЖМКлар жазды. Алар шайлоочуларга жүргүзүлгөн сурамжылоого таянышкан.
Шайлоонун биринчи туру 10-апрелде өткөн. Анын жыйынтыгы боюнча экинчи турга эки талапкер - Эммануэль Макрон менен Марин Ле Пен өткөн.
Франциянын президенти беш жылдык мөөнөткө шайланат. Эгер биринчи турда бир дагы талапкер абсолюттук көпчүлүктүн добушун ала албаса, анда экинчи тур дайындалат. Ага эң көп добуш алган эки талапкер өтөт.
Шайлоочулардын тизмесине Франциянын 49 миллионго жакын жараны кирген.
Сердар Бердымухамедов шайлоо участогуна "Жигули" менен келди. Видео