"Кыргыз почтасы" 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча кирешеси чыгашаны гана жаап, пайда тапкан жок. Ишканага республикалык бюджеттен акча каралбагандыктан компания өзүн-өзү багат. Бул тууралуу Баялы Шералиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, "Кыргыз почтасы" дүйнөлүк соода-сатыктын жана логистиканын активдүү катышуучусу болууну пландап жатат.
"Кыргыз почтасынын" ишин жакшыртуу үчүн мамлекеттик ишкана аткара турчу иштин планын бекитти. Учурда чечиле элек көп маселе бар. Мисалы, ушул жылдын аягына чейин республикадагы бардык почта түйүндөрүнө интернет байланышын кошуу мерчемделди. Маселен, 921 почта бөлүмүнүн 468и гана компьютер менен жабдылып, интернет кошулган. Бул кат-кабарларды убагында көзөмөлдөөгө, төлөмдөрдү кабыл ала турган жабдыктарды кошууга жана ишти тездетүүгө терс таасирин берип жатат. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча, кирешеси чыгашаны гана жаап, пайда тапкан жок. Ишканага республикалык бюджеттен акча каралбагандыктан компания өзүн-өзү багат", — деди Шералиев.
Ошондой эле адис почта кызматкерлеринин айлык маянасын 100 пайызга көтөрүү каралып жатканын кошумчалады.