Кожошев Казакстандын вице-премьери менен "Ак-Тилек" бекетинде жолукту. Сүрөт

Тараптар өткөрүү пунктунун иши менен жеринде таанышты. Мындан сырткары, Касым-Жомарт Токаевдин өлкөгө жасачу расмий сапарына карата даярдыкты талкуулады.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Казакстандын премьер-министринин орун басары — соода жана интеграция министри Бахыт Султанов менен "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү пунктунда жолукту

2 / 5

ске салсак, соңку күндөрү кыргыз-казак чек арасына фуралар топтолуп жаткан

3 / 5

Тараптар өткөрүү бекетинин иши менен жеринде таанышкан. Ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жүк ташуучу унаалардын топтолушуна байланыштуу кырдаал жөнгө салынгандыгына күбө болушкан

4 / 5

Кожошев менен Султанов мурдагы макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын белгилеген

5 / 5

Ошондой эле тараптар коңшу мамлекеттин премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелде Бишкекте өтө турган кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга болчу иш сапарына, ошондой эле президент Касым-Жомарт Токаевдин өлкөгө жасачу расмий сапарына карата даярдык көрүүнү талкуулады.

Эске салсак, соңку күндөрү кыргыз-казак чек арасына фуралар топтолуп жаткан.
Тараптар өткөрүү бекетинин иши менен жеринде таанышкан. Ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жүк ташуучу унаалардын топтолушуна байланыштуу кырдаал жөнгө салынгандыгына күбө болушкан.
Кожошев менен Султанов мурдагы макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жаткандыгын белгилеген.
"Атап айтканда, Кыргызстандын аймагынан жүк ташуучу унааларды товардын электрондук эсеп-фактурасы жок чыгарууга тыюу салуу, ошондой эле КРден ЕАЭБ мамлекеттерине тиешелүү документ менен товар ташыган автоунааларга казак тараптын көзөмөл-текшерүү иш-чараларын жүргүзбөөсү сыяктуу чаралар кабыл алынган", — деп жазылган маалыматта.
Ошондой эле тараптар коңшу мамлекеттин премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелде Бишкекте өтө турган кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга болчу иш сапарына, ошондой эле президент Касым-Жомарт Токаевдин өлкөгө жасачу расмий сапарына карата даярдык көрүүнү талкуулады.
ЕАЭБдин лизинг боюнча Кыргызстанга арналган бизнес-миссиясы июнда өтөт