ЖМК: Германия Россияга каршы санкциялардан улам өзү карызга батууда

Кошумча каражаттын жардамы менен немец өкмөтү компаниялар жана жеке адамдар үчүн энергиянын кымбатташын компенсациялай алат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Германия өзүнө Украинадагы жаңжалдын экономикалык кесепетин азайтуу үчүн тышкы карызды дээрлик 40 миллиард еврого көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Bloomberg басылмасындагы макалага шилтеме берип РИА новости жазды.
Маалыматка караганда, кошумча каражаттын жардамы менен немец өкмөтү компаниялар жана жеке адамдар үчүн энергиянын кымбатташын компенсациялай алат.
Парламент бул планды бекитсе Германиянын мамлекеттик карызы жалпысынан 140 миллиард еврого жетет.
Россия армиясынын Украинаны демилитаризациялоо боюнча атайын операциясы башталгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага каршы санкциялык кысымын күчөттү. Европада Россиянын энергетикалык ресурстарына көз карандылыкты азайтууну көздөп жатышат. Бирок мунун баары Батыштын өзү үчүн азыртадан эле экономикалык көйгөйлөргө айланып, күйүүчү май менен азык-түлүктүн кымбатташына алып келди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: АКШда психологиялык жактан кыйналып жаткандардын саны көбөйүүдө