Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

25-апрелде өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлүп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +13…+18, Таласта +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…19 градусту көрсөтөт.
Күндүн табы Бишкекте +15…+17, Ош шаарында +21…+23 градуска жетет.