БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкектеги № 148 маршрутканын айдоочусу Патрулдук милициянын эскертүүсүнөн кийин аскердик тематикадагы чаптаманы алып салды.
Буга чейин соцтармакка РФ Куралдуу күчтөрүндө келишимдик негизде кызмат өтөө боюнча жарнама чапталган маршрутканын видеосу жарыяланган.
"Патрулдук милиция Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү микроавтобусту издеп таап, чаптаманы алып салуу керектигин эскерткен. Айдоочунун айтымында, транспорт каражаты бир ай мурда Россиядан сатып алынган жана Кыргызстанга чаптамасы менен кошо айдап келинген", - дешти милициядан.
Ведомствонун маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу Патрулдук милиция кайсы бир позицияны карманганы үчүн ушундай кадамга барбаганын белгиледи.
"Биз болгону мыйзамдын талаптарын аткардык", - деди ал.
194-берененин мазмуну. "Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу". Жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.